• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жалал-Абадда кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Жалал-Абадда кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүзүлдү, - деп билдирет облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, интернет оюн клубу деген атты жамынып алып компьютерде интернет аркылуу кумар оюндары ойнотулуучу жай ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Сузак районунун Дакан-Палван көчөсүндөгү жана Жалал-Абад шаарынын борборундагы Нагима Айтматова көчөсүндөгү даректерге атайын тергөө иш-аракеттери жүргүзүлдү.

"КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин 212-беренесиндеги (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) кылмыштын белгилери аныкталган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп айтылат маалыматта.

Сузактан-9 компьютер, Жалал-Абад шаарынан-11 компьютер далил буюм катары алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле Сузак районундагы кумар ойноочу көмүскө жайды иштетип жаткан 43 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну К. Азимжан аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий