• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча чемпион аталды

Спорт 0


Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын утуп, чемпион аталды.

Финалда Махмудов Казакстандык атаандашы Ж. Жадраевди 8:6 эсебинде жеңген.

Бул салмактык категория боюнча коло медалды Өзбекстан жана Япониядан келген өкүлдөр алышкан.

Дагы бир кыргызстандык Атабек Азисбеков (82 кг чейин) күмүш утту.

Ошондой эле Каныбек Жолчубеков (60 кг чейин) менен Узур Жузупбеков (97 кг чейин) коло медаль утушту.

27-февралда чемпионаттын биринчи күнүндө кыргызстандык мушкерлер грек-рим күрөшү боюнча эки күмүш жана эки коло медаль утушкан.

Эске сала кетсек, Азия чемпионаты 27-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында башталган, 4-мартта жыйынтыкталат. Анда Азиянын 38 өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий