• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Аламүдүндө тоноого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Аламүдүн районунда тоноо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-ноябрында саат 04:30 чамасында белгисиз эки адам Аламүдүн районунун Биримдик Кут жаңы конушунан Р.Б. аттуу жаранга күч колдонуп, коркутуп анын баасы 22 миң сомду түзгөн “Редми-11” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө ээлеп алышкан.

Аталган факт Аламүдүн РИИБне каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 1-декабрда аталган кылмыш ишине шектелип 2004-жылы туулган А.О. аттуу жаран кармалып, кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Ал эми тергөө учурунда өздүгү аныкталбаган Арслан аттуу адамга материалдар башка өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

20-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан Арслан аттуу шектүү кармалып, ал 2003-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий