• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин эс алат

Билим 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин каникулга эс алат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, окуучулар мектепке 19-февралдан тарта бара баштайт.

1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий