• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Бишкектин Октябрь районунун акими алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Дороев Азамат Кубанычбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Ал эми мэрдин башка буйругу менен анын ордуна Орозалиев Жаныбек Аманович дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий