• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Екатеринбургдан учуп келген кыргыз жарандарынан коронавирус аныкталган жок – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. 6-апрелде Кыргызстанга Екатеринбургдан учуп келген 17 кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"6-апрелде Екатеринбургдан 17 жаран учуп келген. Алардан ПЧР анализ алынып, анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөттү", - деди ал.

Эскерте кетсек, 6-апрель күнү Кыргыстанга 17 кыргызстандык жаран учуп келген. Республикалык штабдан билдиришкендей, келгендердин ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар бейтапканасына жана 12 адам обсервацияга жаткырылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктурган 18 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 298ге жетет. Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий