• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 9-июлдан 15-июлга чейин Ош шаарында мамлекеттик чек араны делимитациялалоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөр учурунда 2018-жылдын 2-7-июль күндөрү Наманган, Фергана, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чет жактарында жүргүзүлгөн талаа иликтөө иштеринин жыйынтыктары каралды.

Биргеликте жүргүзүлгөн талаа иликтөө иштеринин жыйынтыгынын негизинде чек аранын сызыгынын эки бөлүк менен - Гава жана Гавасай тилектери боюнча өтүшү аныкталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамлекетик чек арынын узундугу 1370 чакырымды түзөт. Өткөн жылдын сентябрь айындагы Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарында чек аранын 85 пайызын аныктоо боюнча келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий