• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстандык пара жаачылар Түштүк Кореяда машыгууларын өткөрүүдө — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын пара жаа атуу спорту боюнча улуттук курама командасы Түштүк Кореяда машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган спорттун түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү максатында атайын окуу-машыгуу жыйын өтүүдө. Жыйын 7-ноябрда башталган жана 18-ноябрда аяктайт.

Курама команданын тизмеси:
1. Адина Самыйбек кызы
2. Төлөгөн Эртабылдиев
3. Кундуз Абирова (Коштоочу)
4. Абиров Алмаз – машыктыруучу

Белгилей кетсек, окуу машыгуу жыйын Түштүк Корея мамлекетинин Паралимпиада комитетинин каржылоосу менен уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий