• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кытайдан алынып келген 4 унаа мыйзамсыз түрдө ээликтен ажыратылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бажычылар Howo үлгүсүндөгү 4 унаа мыйзамсыз түрдө ээликтен ажыратылганын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы “Н” ЖЧКсына Кытайдан Кыргызстанга Howo үлгүсүндөгү 4 унаа ташылып келгени аныкталган. Алар КНСти төлөө боюнча жеңилдетүүлөрдү колдонуп, ички керектөө үчүн чыгаруу жана бул товарларды пайдаланууга же тескөөгө чектөөлөр менен бажылык жактан таризделген.

2021-жылы “Н” ЖЧКсы түзүлгөн соода-сатык келишиминин негизинде бул унаалардын бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жеке жактарга өткөрүп берген.

Белгиленгендей, муну менен аталган компания Кыргызстандын бюджетине 388 миң 891 сом өлчөмүндө зыян келтирген, анткени шарттуу түрдө чыгарылган товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатууга же башка ар кандай ээликтен ажыратууга тыюу салынат.

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий