• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Талас облусунда болуп өткөн катуу шамалдан келтирилген чыгым эсептелинди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.17./Кабар/. Кечээ, Кара-Буура районунда болжол менен саат 02:40тан саат 03:20га чейин ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ак-Чий айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылында Р.Осмонов атындагы орто мектебинин директорунун берген маалыматы боюнча, болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен жогоруда аталган мектептин чатырынан 40 даана шиферин учуруп кеткен.

КР ӨКМнин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн башчысы жана Ак-Чий айыл аймактыгынын жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Катуу шамалдын кесепеттерин жоюу жана имаратты калыбына келтирүү иш-чараларын Ак-Чий айыл аймагынын башчысына милдеттендирилди.

Жийде айылында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен Ак-Чий көчөсүнүн №8 турак үйдүн чатырынан 12 даана шиферин жана Токтогул көчөсүндөгү №4 турак үйдүн чатырынан 4 даана шиферин учуруп кеткен.

КР ӨКМнин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө жана түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүштү.

Көк-Сай айыл аймагына караштуу Кайнар айылынын Керимбай атындагы орто мектебинин чатырынан 4 даана шиферин учуруп кеткен.

КР ӨКМнин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн башчысы жана Ак-Чий айыл аймагынын жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Катуу шамалдын кесепеттерин жоюу жана имараттарды калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү Ак-Чий айыл аймагынын башчысына милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий