• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү "Жалын" ден соолукту чыңдоо лагерине дагы 100 бала жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.06.23./Кабар/. 24-июнда Ысык-Көлдөгү "Жалын" ден соолукту чыңдоо лагерине экинчи турда 100 бала жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган лагер турмуштук оор кырдаалга кабылган, майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн уюштурулган.

Буга чейин Эмгек министрлиги тарабынан ушул эле лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы эс алууга жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий