• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери адашып жүргөн кыздын үйүн таап, ата-энесине жеткиришти

Коом 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кичинекей кызды таап, ата-энесине жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:00 чамасында Ала-Тоо аянтынан жалгыз жүргөн кичинекей кызды көрүшкөн. Аты жөнүн тактап сурашканда 7- жаштагы Ж. аттуу кичинекей кыз адашып, үйүнө жете албай жүргөндүгүн кабарлаган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кичинекей кызды кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин аныктап, Ак-Өргө конушунда жайгашкан үйүн таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде кызынын табылганына сүйүнгөн ата-энеси кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий