• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

DW: Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары биринчи турда эле аныкталды көрүнөт

Саясат 0

Бишкек, 16.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР президентин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу дүйнөлүк коомчулукту беделдүү немис басылмасы Deutsche Welle (Немис толкуну) маалымдады.

ЖМК алдын ала эсептөөлөр абсолюттук көпчүлүк добуш менен жеңиш 58 жаштагы КРнын мурдагы премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тарабында экенин көрсөткөнүн билдирди.

Басылма саналган добуштардын натыйжасында президенттик жарышта жеңишке учурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин фаворитине жетерин билдирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтарына таянып, Deutsche Welle жалпы добуш бергендердин 52%ы өлкөнүн мурдагы премьер-министрине абсолюттук жеңиш алып келерин аныктайт.

Анын башкы атаандашы 47 жаштагы Өмүрбек Бабанов 36% добуш алган. Интернет басылма шайлоо алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолор болжол менен ушундай жыйынтыкты көрсөткөнүн эскертет.

Ошондой эле Deutsche Welle Кыргызстан Борбор Азиядагы дүйнөлүк коомчулукка өлкөдөгү шайлоонун жүрүшү тууралуу толук маалымат берген жалгыз өлкө экенин баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий