• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Египетте жаңы борбор калаа курулат

Дүйнө 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Кытайдын инженердик компаниясы Египетте жаңы борбор калаа курууда. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы борбор шаар Каирдин чыгыш тарабынан 45 км. аралыктагы жерге курулууда.

Жаңы шаарга берилген жер 700 км.кв. түзөт. Тагыраак айтканда Парижден 7 эсе чоң жерге курулмакчы.

Эки тараптуу макулдашуулардын негизинде Пекин бул чоң долбоорду ишке ашырууда Египетке 15 млрд. доллар грант берген.

Жаңы борбор калаа Каир менен Суэц каналынын ортосундагы аймакка жайгаштырылмакчы.

Египеттин жаңы борбор калаа куруусунун максаты - Каирде калктын жыштыгын суюлтуу болууда жана адистердин айтымында, мындай ыкма менен улана берсе 2050-жылга дейре Каирдин калкы 40 млн. адамга жетмекчи.

Пикир

Оставить комментарий