• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ичимде эмоциялар кайнап турган учуру! Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин билдирүү жасап, жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

"Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учуру! Мага ишенгендердин баарына рахмат! Бул жолу дагы оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуздар мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет. Жеңиш биздин жалпы жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшө алганыма сыймыктанам.

Айпери жана Мээримге эртерээк жакшы болуп кетишин каалайм! Силер мыктысыңар.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча курама командага ийгилик каалайм!", - деп Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынып, үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду.

Пикир

Оставить комментарий