• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун кезектеги сүйлөшүүлөрү башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 10-20-апрелине чейин Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында делимитация жана демаркация маселеси боюнча жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратыны маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшундө тараптар эки өлкөнүн чектеш кызматташтыгы тууралуу маселелерди талкуулайт.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана деморкация маселеси тууралуу Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун жолугушуулары ай сайын активдүү уланууда.

2016-жылдын август айынан бери он жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар өттү.

Пикир

Оставить комментарий