• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

«Спутник V» вакцинасынын жарабай калган 994 дозасы 840 миң сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда жараксыз абалга келген «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы 840 мин сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева “Оор күндүн кечи” берүүсүндө түз эфир учурунда билдирди.

Бишкек шаардык мэриясы “Кабар” агенттигине келтирилген чыгым №2 ҮМБ жетекчилиги жана жооптуу адамдары тарабынан төлөнөрүн тастыктады.

“Бул вакциналардын ар бири мамлекетке 20 долларга жакын суммага сатылып келген”,-деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, мындан мурда Бишкектеги №2 ҮМБда «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы муздаткычтын өчүрүлгөнүнөн улам жараксыз абалга келгени маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий