• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ысык-Атада мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кант райондук мамлекеттик администрациясынын (азыркы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, аталган айылдагы мурдагы мектептин имараты жана анын жер тилкеси окуу-тарбия иштерине байланышпаган башка максаттарда, тагырагы мечит катары пайдалануу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, райондук прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына ченемдик укуктук актыларын бузууларды четтетүү жөнүндө талап киргизилип, аны кароонун натыйжасында, Ысык-Ата районунун Бирдик айылындагы 22 млн 84 миң сомго бааланган мектептин имараты жана 709 чарчы метр жер тилкеси билим берүү максатында пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий