• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жайыл районунда уурулукка шектелген топ кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Жайыл районунда уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-март күнү Чүй облусунун ИИББи жана Жайыл РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам издөө иш-чаралырынын натыйжасында Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү жарандар кармалышкан.

Алар бир нече уурулукка шектелип, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБи тарабынан изделип жатышкан. Кармалган жарандар жүргөн автоунаага кароо жүргүзүү учурунда 50дөн ашык уюлдук телефон жана 70тен ашык «Самсунг жана Редми» үлгүсүндөгү телефондордун бош кутулары алынган.

Шектүү жарандар Жайыл РИИБине жеткирилип, териштирүү учурунда алар Ноокен жана Өзгөн райондорундагы бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендигин билдиришкен.

Ар тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүү максатында, кармалган 23 жаштагы Д.Т., 22 жаштагы Т.А., 28 жаштагы М.О. жана 21 жаштагы М.И. аттуу жарандар автоунаасы жана далил буюмдары менен Ноокен РИИБине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий