• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Мексикада жер титирөөдөн улам дээрлик эки миллион адам жарыксыз калды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Мексиканын президенти Энрик Пенья Ньетонун билдирүүсүнө ылайык, катуу жер титирөөнүн натыйжасында 1,85 миллион адам жарыксыз калды,-деп жазат РИА Новости.

“CFE (улуттук энергосистема) маалымдашынча, жет титирөөдөн 1,85 миллион адам жабыр тарткан”,- деп жазган президент өзүнүн Twitter баракчасына. Ал кошумчалап кеткендей, учурда 1,38 миллион адам үчүн электр чубалгылары калыбына келтирилген.

Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 8,2 баллга жетип, UTC убактысы боюнча 04:49 катталган.

Очогу Трес-Пикостон түштүк-чыгышты карай 119 чакырым аралыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий