• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Трамп Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесине киргизди

Дүйнө 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяны терроризмге демөөрчүлүк кылган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Эксперттер бул чечимди символикалуу деп эсептешүүдө, анткени Кошмо Штаттар буга чейин Пхеньянга катаал санкцияларды киргизген.

"Түндүк Корея режими өзүн мыйзам чегинде алып жүрүшү керек. Ал мыйзамга каршы келген өзөктүк жана ракеталык программаларын жана эл аралык терроризмди колдоосун токтотушу керек, - деп билдирди Трамп. Пхеньяндын мыйзамсыз аракеттери катары АКШ президенти Малайзияда корей лидери Ким Чен Ындын бир тууганынын өлтүрүлүшү жана 17 ай Түндүк Корея абагында кармалып чыккан америкалык студент Отто Уормбиердин өлүмүн мисал келтирди.

Түндүк Корея терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен 2008-жылы, ошол кездеги АКШ президенти Жорж Буш тарабынан чыгарылган. Буга Түндүк Корея өзөктүк мекемелерине эл аралык инспекторлорду киргизүүгө макул болгону себеп болгон. Бирок көп өтпөй Пхеньян өз убадасын бузган. Дональд Трамп Жорж Буштун ал чечимин "ишенип адашуу" деп атады. Акыркы айларда АКШнын демилгеси менен БУУ Түндүк Кореянын дүйнө менен соода алакасын үзүү жаатында кошумча санкцияларды киргизген.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун айтымында, Трамптын чечими башка өлкөлөргө АКШнын Түндүк Корея көйгөйүнө кандай олуттуу мамиле кыларын көрсөтүшү керек. Түндүк Корея Кошмо Штаттардын терроризмди колдогон өлкөлөр тизмесинде төртүнчү өлкө болуп калды. Буга чейин анда Сирия, Иран жана Судан өлкөлөрү болгон.

Пикир

Оставить комментарий