• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 12:50 чамасында Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынан Шакирт-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда "Гольф-2" үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккан.

Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүк тартылып, саат 13:03дө чектөөгө алып, 13:13дө толук өчүрүлгөн.

Өрттөн жеңил унаа толук күйүп кеткен, жабыркагандар жок.

Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдардын кыска чыңалуусунан чыккан.

Пикир

Оставить комментарий