• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Сокулукта күйүүчү май ташыган вагондор рельстен чыгып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда күйүүчү май ташыган поезддин эки цистерна-вагону рельстен чыгып кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргыз темир жолу” МИнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде коопсуздук кызматкерлери иш алып барышууда. Кырсыктын себебе такталууда. Темир жолду калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азырынча кырсыктын себеби жана канча күйүүчү май бар экендиги тууралуу маалымат жок.

Кырсык бүгүн эртең менен болгон.

Пикир

Оставить комментарий