• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Франциянын Гран-присинде алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек. 02.02.19 /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Франциянын Ницца шаарында өтүп жаткан Grand Prix de France Henri Deglane эл аралык турнирде жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Unitedworldwrestling кабарлады.

Тыныбекова (62 кг) финалда франциялык Полин Лекарпентьени жеңип алды.

Тыныбекова Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2016-2017-жылдары Азия оюндарында жеңүүчү болгон.

2017-жылы Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

Пикир

Оставить комментарий