• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Stupcanica клубу менен беттеш өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын (U-20) жаштар курамасы Босния жана Герцеговинанын Stupcanica футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул туралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандын курамасы алтынчы ирет жолдоштук беттеш өткөрүүдө. Беттеш Анталья шаарында өтүп, 1:3 эсебинде Stupcanica клубунун жеңиши менен аяктады. Кыргызстандын командасынан жалгыз голду Мирлан Бекбердинов киргизди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын (U-20) жаштар курамасы 1-марттан 18-мартка чейин Ташкентте өтө турган U-20 Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында жолдоштук беттештерди өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий